AVN







АНМУ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ

АНМУ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ
 Jun 19, 2018  869

ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Г.Бакирова, фил.и.д., профессор М.Мирзахидова жана орус тили кафедрасынын башчысы А.Калмурзаевалар коңшу Өзбекистан мамлекетинин Анжиян мамлекеттик университетине иш сапары менен барып келишти. Иш сапардын алкагында Анжиян мамлекеттик университетинин ректору, биол.и.д., профессор А.С.Юлдашевдин кабыл алуусунда болуп, АнМУ менен ЖАМУнун ортосунда иштиктүү келишимдер түзүлдү.

         Иш сапардын жүрүшү тууралуу кыргыз тили кафедрасынын башчысы төмөнкүдөй маалыматтарды берди. Университеттин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, фил.и.к., доцент Фархад Алимовдон иш сапардын жүрүшүндө пайдалуу, маалыматтарды алдык. Ректордун бийик интеллигенттик, чыныгы илимпоздук касиеттеринен үлгү алчу нерселер көп экендигин бааладык.

Биз эңсеп барган филология факультетине да кезек жетип, факультеттин деканы, фил.и.к., доцент Б.Рахмановдун, кыргыз жана орус тили кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Т.Рахмановдун кабыл алуусунда болуп, филологиянын көйгөйлөрү боюнча баарлашуулар жүрүп, келечектеги бир топ иштер пландаштырылды.

АнМУнун кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуп жаткан студенттер менен жолугушуу кызуу талкуу менен коштолду. Кыргыз тилинин орфографиясы, алфавит маселелери боюнча таасирдүү ойлорун ортого салышты. Кыргыз лингвистикасын ынтызарлык менен окуп жатышкан боордошторго жана аларга билим берип жаткан кесиптештерге таазим, иштерине ийгилик каалайбыз – дейт кыргыз тили кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Г.Бакирова.

  • АНМУ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ
  • АНМУ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ
  • АНМУ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ
  • АНМУ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ
  • АНМУ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ