AVN







КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Jun 16, 2018  917

   “Кыргыз адабияты жана кыргыз адабиятын окутуу усулдары – учурдун башкы маселелери” аттуу тегерек стол бүгүн  ЖАМУнун административдик кеңешме залында  болуп өттү.

     Тегерек столду ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор К.Б.Калчекеев ачып, кыргыздын көрүнүктүү окумуштуу адабиятчылары Ж.Баласагын атындагы КМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.д., профессор С.А.Тиллебаев жана п.и.д., профессор, жазуучу А.Муратовдордун кыргыз илиминдеги орду тууралуу сөз  болду.  Иш –чарага ЖАМУнун Филология жана ПМТФнын кафедра башчылары, декандары жана студенттери катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп менен ЖОЖдордун карым-катышын күчөтүү, тесттердин пайда, зыяны, кыргыз тили жана адабияты предметтеринин окутулушунун азыркы абалынын көп кырдуу жактары, устат жана шакирт , азыркы илим –билимдин келечеги, артыкчылыктары жөнүндө декан – Б.Орозбаева, кафедра башчылары Д.М.Чокоева, С.Сакиева, доценттер А.Кадырова, Ж.Эшиев, А.Шерипбаевдер ой-пикирлерин  ортого салышты, студенттер суроо берип жоопторду ала алышты. 

   Иш –чара ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмү , филология факультетинин кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулду.

  • КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ