AVN







ИЮНЬ ОКУЯСЫ ЭСКЕРИЛДИ

ИЮНЬ ОКУЯСЫ ЭСКЕРИЛДИ
 Jun 14, 2018  801

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2010-жылы болуп өткөн каргашалуу Июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз жологондор эскерилип, “Июнь окуялары: суроолор жана жооптор” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Ага окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов, проректорлор, профессордук-окутуучулук курам, декандар, колледждердин директорлору, кафедра башчылар жана студенттер катышты.

         Тегерек  столдо июнь окуясы жөнүндө төмөндөгү профессор-окутуучулар баяндамаларды окушту:

  1. “Июнь окуяларынын себептери жана сабактары” – Доранова А.Д. ЖАМУнун СИ жана МТ проректору;
  2. “Жаштарды толеранттуулукка тарбиялоонун маселелери” – Нусупова Р.С. к.п.н. доцент;
  3. “Июнь окуялары бүгүнкү коомчулуктун көз карашында” – Исаков Б.М. профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер ”  кафедрасынын ага окутуучусу;
  4. “Азыркы коомдук-саясий жашоосундагы саясий протесттер” – Токтогулова Г.Т. профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер ”  кафедрасынын доценти.

Баяндамалардан соң июнь окуялары, өлкөдөгү саясий, социалдык, экономикалык, маданий  абал жөнүндө суроо-жооп жана талкуу кызуу болду.

  • ИЮНЬ ОКУЯСЫ ЭСКЕРИЛДИ
  • ИЮНЬ ОКУЯСЫ ЭСКЕРИЛДИ
  • ИЮНЬ ОКУЯСЫ ЭСКЕРИЛДИ