AVN







ООЗ АЧЫРУУ ИШ ЧАРАСЫ БОЛДУ

ООЗ АЧЫРУУ ИШ ЧАРАСЫ БОЛДУ
 Jun 14, 2018  869

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин администрациясы университеттин жамаатына ыйык орозо айынын урматына ооз ачырды. Ага окуу жайдын жетекчилиги, ардактуу аксакал профессор-окутуучулар, кызматкерлер,  декан-директорлор,кафедра жана бөлүм башчылары болуп   150гө жакын киши келди.

“Ыйык Рамазан айы берекелүүлүктүн, мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана сабырдуулуктун айы болуп саналат. Улуу күнү кармаган орозоңуздар кабыл болуп, ак тилегиңиздер аткарылсын! Жалпыбыздын биримдигибиз артып, кесиптештер арасында ынтымакта болуп, окуу жайдын өнүгүшүнө чоң салым кошуудабыз. Ошондой эле ар бирибиздин ак эмгегибиз өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө кошкон зор салым болот деп ишенем. Андыктан ар бирибиз ден соолукта бололу, узун өмүр сүрөлү, иштерибизди оомат жылоолоп ийгиликтердин үстундө журолү – деген пикикрин окуу жайдын ректору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович билдирди. Университеттин жалпы жамааты ыраазычылыктарын билдиришип, аксакалдары ак баталарын беришти.