AVN

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” СЫНАГЫ Т.БЕКБОЛОТОВ АТЫНДАГЫ АКСЫ КОЛЛЕДЖИНДЕ

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” СЫНАГЫ Т.БЕКБОЛОТОВ АТЫНДАГЫ АКСЫ КОЛЛЕДЖИНДЕ
 Jun 14, 2018  828

13-июнда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Т. Бекболотов атындагы Аксы колледжинин «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана  кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

Аталган колледждин иш чарасы жободогу бардык пункттардагы жанрларды толук камтыган. Айрыкча Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана Көчмөндөр цивилизациясын чагылдырган, ЖАМУ – 120 жашта же ЖАМУну 25 жылдан кийин кандай элестетем? - аталыштагы  пунтуна ылайык бала бакчадагы балдардын “Келечекте ким болом?” деген темада сахналаштырылган көрүнүштөрү өзгөчөлөндү. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Акбаранын көз жашы” чыгармасынан монолог, көчмөндөр цивилизациясы ааламдашуу алкагында “Кыз узатуу” салтын көргөзүштү.

Жыйынтыгында сөзгө чыккан калыстар тобунун төрайымы Айгул Доранова “Негизинен жобо боюнча берилген шарттардын бардыгын тең аткардыңыздар. Калыстар тобу ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыктаганда 250 баллга ээ болдуңуздар. Ал эми жылдын аягында болуучу гала концерке эки мыкты аткарылган чыгармаларды тандап алдык. Алар: Курбанова Назгүлдүн аткаруусундагы “Аппак сүйүү” чыгармасы жана ЖАМУ – 120 жашта же ЖАМУну 25 жылдан кийин кандай элестетем?   пункту боюнча сахналаштырылган көрүнүштү, слайдды тандадык” деди.     

Сынактын аягында ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси, “Жаш канат” фольклордук тобунун көркөм жетекчиси Нурбек Шамуратов жамаатка каалоо-тилегин, ыраазычылыгын айтып, Р.Абдыкадыровдун “Кымбатым” жана сөзү обону өзүнө таандык “Бийле” деген ырларды жалпы жамаатка арнап ырдап берди.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:

  1. А.Д. Доранова – калыстар тобунун төрайымы, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;
  2. Р.С.Нусупова – мүчө, ЖАМУнун окумуштуу катчысы; 
  3. Р.А. Шаимкулов – мүчө,  ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;
  4. Ж. Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;
  5. Н.Г. Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” СЫНАГЫ Т.БЕКБОЛОТОВ АТЫНДАГЫ АКСЫ КОЛЛЕДЖИНДЕ