AVN







АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!

АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
 Jun 13, 2018  1190

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 4-курсунун  студенттеринин бүтүрүү кечеси 12-июнь күнү АТФнын чоң жыйындар залында болуп өттү.

   Кечеге окуу жайдын ректору техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович, проректорлор, декандар, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана ата-энелер күбө болушту.

   “Карт тарыхты өзүнө камтыган окуу жайыбызда ааламга аты чыккан кыргыз элинин чыгаан уул-кыздары билим алган. Ошол улуу инсандар билим алган жерден силер да билимге суугарылып, атайын адиске ээ болуп, канат күүлөп турасыңар. Силердин келечегиңер кенен болсун, турмуш жолуңар ачык болсун! Ар бир кесип ардактуу-алган кесибиңер менен иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошосуңар деген ишеничтебиз! Ак жол сага бүтүрүүчү – деген куттуктоосун окуу жайдын ректору студенттерге айтып өттү.

   Ал эми окууда, коомдук иштерде мыкты жетишкендиктерге жеткен алдынкы студенттерге окуу жайдын ардак грамоталары ыйгарылды. Бул майрамдык кече бүтүрүүчүлөрдүн концерттик программасы менен коштолду.

  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!