AVN







Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты усулчусу-2018» конкурсу жыйынтыкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты усулчусу-2018» конкурсу жыйынтыкталды
 Jun 12, 2018  987

Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында чыгармачылык менен иштеген окутуучуларды колдоо, билим жана тарбия берүүдөгү жаңы технологияларды жайылтуу, окутуучулардын кесиптик байланыштарын кеңейтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келген «Жылдын мыкты усулчусу-2018» конкурсу 2018-жылдын 9-июнунда Кочкор-Ата колледжинде өттү.

Конкурсту төмөнкү курамдагы калыстар тобу жетектеди:

Калчекеев К.- ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, калыстар тобунун төрагасы;

Асилова З.- ЖАМУнун аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, калыстар тобунун мүчөсү;

Айтикеев Н.Ж. – ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн методисти калыстар тобунун мүчөсү.

Конкурстун ачылыш аземинде ЖАМУнун илимий иштери боюнча проректору, ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев конкурсту өткөрүүнүн максаты, тарыхы, келечеги жана педагогикалык мааниси жөнүндө токтолду. Ачылыш аземге ЖАМУнун колледждеринин жетекчилери, окутуучулары жана Кочкор-Ата колледжинин эмгек жамааты катышты.

Конкурска ЖАМУнун Медициналык колледжинин окутуучусу Бакалаева Лайли (органикалык химия предмети), Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Курманбекова Гулайым Насирдиновна (кыргыз тили предмети), Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Карабекова Чынара Кайсарбаевна (биология предмети), Кочкор-Ата колледжинин окутуучусу Назарбаева Батма Суйналиевна (тарых предмети), Кара-Көл колледжинин окутуучусу Аскарова Аида Орунбековна (электротехника предмети), Т.Бектолотов атындагы Аксы колледжинин окутуучусу Мергенбаева Анара Дайыровна (экономика предмети), Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинен ага окутуучусу Субанов Бекжан Абдыжалилович (информатика предмети) катышты.

Конкурс төрт этап менен өтүлдү: биринчи этабында катышуучулар өздөрүнүн педагогикалык чыгармачылык материалдары, басмадан чыккан илимий жана окуу-усулдук эмгектери, билимин өркүндөтүү боюнча сертификаттары, сыйлыктары менен көргөзмө түрүндө тааныштырды; экинчи этабында жеке кесиптик педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча презентация жасашты; үчүнчү этабында өздөрүнүн тандаган предметинин «Сабак-чеберчиликтин чокусу» темада ачык сабактарды өтүштү; төртүнчү этабында педагогикалык жагдайдагы тесттик тапшырмаларды иштешти.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен байгелүү биринчи орунга Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинен ага окутуучусу Субанов Б.А., экинчи орунга Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Карабекова Ч.К. жана Кочкор-Ата колледжинин окутуучусу Назарбаева Б.С., үчүнчү орунга Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Курманбекова Г.Н. татыктуу болушту жана уюштуруучулар тарабынан дипломдор, эстелик белектери менен сыйланышты.

  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты усулчусу-2018» конкурсу жыйынтыкталды
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты усулчусу-2018» конкурсу жыйынтыкталды
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты усулчусу-2018» конкурсу жыйынтыкталды