AVN







ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!

ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!
 Jun 12, 2018  999

Жалал-Абад шаарындагы  “Мир” кинотеатрынын аянтчасында  “Жаштар ала качууга каршы!” аталышында  ЖАМУнун студенттери акция-флешмоб өткөрүштү.  

Акцияда жаштар колдоруна «Биз ала качууга каршыбыз», «Ала качуу кылмыш», «Ар бир кыз бактылуу болууга укуктуу», «Кыз ала качуу жапайычылык», «Кыз ала качуу салт эмес», «Кыздардын тагдырын талкалаба!», “Мы против женской дискриминации!”, “Мы против женской насилии!” ж.б.у.с. жазуулары бар лозунгдарды  кармап чыгышкан.

  • жүрүшү флешмоб менен коштолуп, кызды күчкө салып ала качкан көрүнүштү чагылдырган кыска сценка көргөзүлдү. Акцияны даярдап өткөрүүдө ЖАМУнун жаштар комитети жана “Педагогика жана психология” кафедрасынын окутуучусу Гүлзат Матазимова студенттери менен активдүүлүктөрүн  корсөтүштү.

      Иш чара 28-майдын түнүндө, Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып баратып өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын элесине арналды. Бул өткөргөн иш-чара мындан ары жогорудагыдай жосунсуз жоруктарды токтотууга аз да болсо салымын кошот дейт ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгуль Доранова.

  • ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!
  • ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!
  • ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!
  • ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!
  • ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!
  • ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!
  • ЖАШТАР АЛА КАЧУУГА КАРШЫ!