AVN







СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ

СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ
 Jun 9, 2018  883

Экономикалык-юридикалык факультетинин «Юриспруденция» багытындагы студенттер  менен Жалал-Абад колледжинин  “Укук таануу” адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуу кечеси болуп өттү.  Алгач, студенттерге Экономикалык-юридикалык факультети жана “Юриспруденция” багытына тиешелүү болгон окуу аудиториялары, Криминалистика лабораториясы, Сот залы, китеп кана , спорт зал, кампьютер кааналары жана заманбап үлгүдөгү чоң жыйындар залына экскурция уюштурулду.                                                                                 Жолугушууну Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор А.К.Аскарова ачып, өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдүн келечегине ийгилик каалады. Андан соң, “Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар” кафедрасынын окутуучусу Н.К.Нарматов тарабынан даярдалган Юк-1-15 тайпасынын студенттеринин Сот процессине күбө болушту.

Анда студенттер сот процессинин жүрүшүн театрлаштырып, андагы жабырлануучунун жана шектүүнүн образын ачып беришти. Мындай ыкма менен студенттерге теориялык алган билимин практика түрүндө үйрөтө алабыз. Соттук чечим чыгарууда ар бир орган кызматынын өз көз карашы, чечими жана мыйзамды сыйлоосу керек. Сабак берүүнүн бул жолу аркылуу туура чечим чыгарууну өздөштүрүүгө  жаштарга багыт бере алабыз – дейт Б. Алымкулов.

  Жалал-Абад колледжинен келген бүтүрүүчүлөр биздин факультеттин сабак өтүү ыкмасы менен таанышып, «Юриспруденция» багытындагы профессордук-окутуучулук жамаатка өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришти жана колледжден алган билимдерин аталган факультетте улантышаарын айтып өтүштү-деп кошумчалайт кафедра башчысы.

  • СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ
  • СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ
  • СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ
  • СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ
  • СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ
  • СТУДЕНТТЕР СОТ ПРОЦЕССИНЕ КҮБӨ БОЛУШТУ