AVN







СТУДЕНТТЕРДЕН НАРИСТЕЛЕРГЕ БЕЛЕК

СТУДЕНТТЕРДЕН НАРИСТЕЛЕРГЕ БЕЛЕК
 Jun 7, 2018  831

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын окутуучулар жамааты  “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө карата 4-июнда Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине кабар алып барып келишти. Алар Б.М.Исаков, К.А.Сабиров, М.И.Мамытов, А.О.Шерматов, Н.Т.Акыев, Г.К.Молдоказиева, Ы.М.Кожоназарова, Н.А.Жолдошева жана Социалдык иш багытындагы 2-3-4-курстарынын студенттери.

Жалпы негизде студенттер 2500 сом өлчөмүндө каражат чогултушуп, ал жердеги оорулуу балдарга зарыл каражаттар: памперс ж.б. муктаждыктарды алып барышкан.

         Социалдык иш багытындагы студенттерге мекеменин директору Д.А.Алимжанова  өзүнүн ыраазычылыгын билдирип өттү.   

  • СТУДЕНТТЕРДЕН НАРИСТЕЛЕРГЕ БЕЛЕК