AVN







ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАДА БОЛУП КАЙТЫШТЫ

ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК  ПРАКТИКАДА  БОЛУП  КАЙТЫШТЫ
 Jun 7, 2018  877

Табийгый -техникалык факультетинин  Химия кафедрасынын Х-1-17  жана

 Х-1-16 тайпасынын студенттери өндүрүштүк  практикада болуп кайтышты.

Бул жөнүндө “Химия” кафедрасынын практика жетекчиси Н.Маматураимова маалымдады.

Өндүрүштүк практиканын  негизги максаты  алган теориялык билимдерин практика жүзүндө  көрүп, өндүрүштүн химиялык лабораториялары менен таанышып, ал жерде жүргүзүлүүчү ар тараптуу химиялык анализдерди  окуп үйрөнүшүп,  керектүү маалыматтарды топтошот.  Өндүрүштө чыгарылган продуктунун сырьёлоруна жүргүзүлгөн химиялык анализдер менен тааныша алышды.

Бул жылы студенттер өндүрүштүк практикасын Жалал-Абад шаарындагы “Нур” АКК, нефтини кайра иштетүүчү “ Кыргыз Петролеум Компани” заводунда, шаардагы “Жалал-Абад суу канал” саркынды сууларды тазалоочу ишканасында , Мамлекеттик стандарт , шаардык санитардык эпидемиологиялык  ишканасында,  Майлуу-Суу лампа заводунда, Ош шаарындагы “Ак таш” кирпич заводунда, “Ош суу канал” саркынды сууларды тазалоочу ишканасында,  Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн жаратылыш ресурстарын изилдөө интитутунда болушду.

Өндүрүштүк практиканын жүрүшүндө Жалал- Абад, Ош областтарынын  өндүрүштүк ишканаларынын иштөө принциптери, лабораториялары менен таанышып , аймактык өндүрүштөрдүн иштөө принциптери менен тааныша алышты.

Студенттердин өндүрүштүк практикасы жыйынтыктоочу конференция менен аяктады.

  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК  ПРАКТИКАДА  БОЛУП  КАЙТЫШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК  ПРАКТИКАДА  БОЛУП  КАЙТЫШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК  ПРАКТИКАДА  БОЛУП  КАЙТЫШТЫ
  • ХИМИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК  ПРАКТИКАДА  БОЛУП  КАЙТЫШТЫ