AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
 Jun 7, 2018  893

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат-технологиялар факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасы 5-июнунда “Социалдык иш” багытынын 2-3-4-курстарынын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүштү. Негизинен жолугушууда ар бир тайпанын куратору студенттердин ата-энелери менен бирге аудиторияларда куратордук сааттар өткөрүлдү, анда негизинен тайпадагы студенттердин окууда, илимий иштерде, маданий-массалык, тарбиялык, спорттук иш-чаралар боюнча жетишкендиктери айтылды. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Гулжамал Токтогулова билдирди.

Жолугушууга келген ата-энелер университетте студенттер үчүн түзүлгөн: аудиториялар, китепкана, окуу залдары, көркөм адабият ошондой эле экзамен тапшыруу үчүн бекитилген компьютердик кааналар, спорттук аянтчалар, музейлер меге экскурсия жүргүзүштү.

Андан соң ЖАМУнун чоң жыйындар залында ата-энелерге жалпы жыйын уюштурулуп, жалпы окутуучулук курам жана AVN портал боюнча маалымат берилип, студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Жыйынтыгында “Социалдык иш” багыты боюнча билим алып жаткан эң алдыңкы студенттердин ата-энелерине “Ыраазычылык каттар” тапшырылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ