AVN

ЖАМУ МЕНЕН ГЕРМАНИЯНЫН ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ ОРТОСУНДА КЫЗМАТТЫК КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ

ЖАМУ МЕНЕН ГЕРМАНИЯНЫН ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ ОРТОСУНДА  КЫЗМАТТЫК КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ
 Jun 6, 2018  1051

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор Сакбаева Зулфия Германия академиялык алмашуу кызматы (DAAD) программасы боюнча Германиядан 2 айлык мөөнөт менен өз билимин өркүндөтүп келди.

      ЖАМУнун профессору З. Сакбаева  2018-жылдын 1-апрелинен 31-майына чейин Германия мамлекетинин Брауншвайг  шаарындагы «Өсүмдүктөрдүн азыктануусу жана топурак таануу илимдери” институтуна  барып,  өз тармагы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келди. Билимин өркүндөтүү боюнча институттун окумуштуулары менен тажрыйба алмашып, алардын жүргүзүп жаткан илимий иштерине катышып, керектүү маалыматтарды ала алды. Жыйынтыгында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана «Өсүмдүктөрдүн азыктануусу жана топурак таануу илимдери” институтунун ортосундагы илим изилдөө багыты боюнча келишимге кол коюлду.

Бул келишим келечекте эки мекеменин кызматкерлеринин жана ЖАМУнун студенттеринин илимий-изилдөө багытындагы иштеринин өсүп-өнүгүшүнө жана дүйнөлүк илимди таанып билүүсүнө өбөлгө түзөт.

  • ЖАМУ МЕНЕН ГЕРМАНИЯНЫН ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ ОРТОСУНДА  КЫЗМАТТЫК КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ