AVN

КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНГӨНДҮГҮ ҮЧҮН СЕРТИФИКАТТУУ БОЛУШТУ...

КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНГӨНДҮГҮ ҮЧҮН СЕРТИФИКАТТУУ БОЛУШТУ...
 Jun 6, 2018  789

Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрүнө кытай тилин өздөштүрүп жаткандыгын тастыктаган кезектеги сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.

Кытай  HSK1, HSK2, HSK3, HSK4, HSK5, HSK6 сынактарын уюштуруу – Конфуций институтунун негизги иш-аракеттеринин бири. Институттун тил үйрөнүүчүсү кытай тилин үйрөнүү деңгээлине жараша сынактарды тапшырып турушат. Балдардын сынактагы жооптору Кытайга жиберилип, ал жактан жогорку балл алгандарга кытай тилин үйрөнгөндүгүн тастыктаган сертификат берилет. Институтта сертификат тапшыруу аземи кезек-кезеги менен өткөрүлүп турат.  

“Бир жылдын аралыгында курста окуган тил үйрөнүүчүлөрдүн дээрлик бардыгы HSK1, HSK2, алды окуп жаткандары HSK3, HSK4, HSK5 сынактарын тапшырышып, сертификаттуу болушту. Арасында HSK6 сынагын ийгиликтүү тапшыргандары да бар. Окуучуларыбыздын бардыгы улам алдыга карай аракеттенип жатышат. Бул – жакшы көрүнүш. Тил үйрөнүү ааламга жол ачат! Окуучуларыбыздын тил көндүмү өзүлөрүнүн турмушунда далай жолу керегине жарап берсе деген эле тилектебиз,” - дейт институттун директору М.Р.Шакирова.

Кытайдагы Синьзян университетинде стажировкада болуп келген студенттердин айтуусунда алар ал жакта “I” деген, т.а., кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүп баргандардын группасына катталышкан. Бул –  ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунда эмгектенип жаткан окутуучулардын эмгеги жана  алар үзүрлүү эмгеги үчүн студенттердин терең ыраазычылыгына ээ болушту.

  • КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНГӨНДҮГҮ ҮЧҮН СЕРТИФИКАТТУУ БОЛУШТУ...