AVN







НАРИСТЕЛЕРГЕ СТУДЕНТТЕР БЕЛЕКТЕРДИ ЫЙГАРЫШТЫ

НАРИСТЕЛЕРГЕ СТУДЕНТТЕР  БЕЛЕКТЕРДИ ЫЙГАРЫШТЫ
 Jun 5, 2018  774

“Балдарды коргоонун эл аралык» күнүнө карата, ЖАМУнун  Жалал-Абад колледжинин   студенттери Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болуп келишти.

             ЖАКтын тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана жаштар комитети жалпы колледждин студенттеринин атынан, студенттердин өз демилгелери  менен топтолгон 5миң (беш миң) сомдук тамак-ашка керектөөчү азык түлүктөрдү жана балдар үчүн студенттердин өз колдору менен жасалган оюнчуктарды  тапшырышты. Колледждин  студенттерине мекеменин директору Д.К.Алимжанова өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

  • НАРИСТЕЛЕРГЕ СТУДЕНТТЕР  БЕЛЕКТЕРДИ ЫЙГАРЫШТЫ
  • НАРИСТЕЛЕРГЕ СТУДЕНТТЕР  БЕЛЕКТЕРДИ ЫЙГАРЫШТЫ