AVN







БАЛДАР КҮЛСӨ, ААЛАМ КҮЛӨТ

БАЛДАР КҮЛСӨ, ААЛАМ КҮЛӨТ
 Jun 4, 2018  808

“Балдарды коргоонун эл аралык»   күнүнө карата,  ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин  студенттери Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болуп келишти.

ЭЮФтин жаштар комитети жалпы факультеттин студенттеринин атынан, 2миң сомдук кепкаларды жаш балдарга тапшырышты. Ошону менен биргеликте концерттик программа коюп беришти. Аталган факультеттин  студенттерине мекеменин директору Д.К.Алимжанова  өзүнүн ыраазычылыгын билдирип өттү. “Балдар күлсө, аалам күлөт! Андыктан алардын күлкүсү үчүн бул майрамды жалпы жамаат студенттер менен биргеликтер балдарга майрамдык маанай тартууладык” – дейт декандын орун басары Эмиль Төлөнов. 

   Иш чарага ЭЮФтин деканы э.и.д., профессор А.Аскарова, тарбия иштери боюнча орун басары э.и.к., доцент Э.Төлөнов, факультеттин профкому Н.Мусакулов катышты.

  • БАЛДАР КҮЛСӨ, ААЛАМ КҮЛӨТ
  • БАЛДАР КҮЛСӨ, ААЛАМ КҮЛӨТ