AVN







ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИА

ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА,  ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИА
 Jun 2, 2018  925

1-июнда  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык колледжи «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана  кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

        Аталган колледждин  иш чарасы “Аймактарды өнүктүрүү жылын”,        Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын жана Көчмөндөр цивилизациясын камтыган.  Иш чарада куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов – Аймактарды  өнүктүрүүдө медицина тармагынын адистеринин эмгеги опол тоодой. Өрөөндүн жашоочуларынын дени сак  болсо, улуттун дени сак болот! Калктын камын ойлогон кадырлуу адистерди даярдап жатасыздар. Баса белгилеп кетчү жагдай медицина колледжи 2011-жылы ачылганына карабай 70-80-жылдык тарыхы бар окуу жайларга тең келип, мыкты адистерди даярдоодо, жыл өткөн сайын студенттердин саны арбып барат. Демек, колледжде кесипкөй, иш билги адистер эмгектенип, окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошууда. Бүгүнкү ыр майрамыңыздар менен баарыңыздарды куттуктайм! – деген куттуктоосун айтып өттү.

    Сынактын катышуучулары талапка ылайык тапшырмаларды аткарышты.  Ушул окуу жайды аяктаган  таанымал инсандардын элеси менен инценировка көргөзүштү. Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан театрлаштырылган үзүндү аткарышты. Көчмөндөр цивилизациясы  ааламдашуу алкагында кыргыз элинин байыркы медицинасын чагылдырышкан. Бала кирнелөө, жүрөк көтөрүү, дары чөптөр менен дарылоо жолдору камтылган.  

       Калыстар тобунун төрайымы Айгул Доранова “Иш чарага негизинен даярдыктарыңыздар жакшы. Бирок, айрым чыгармаларды жандуу аткарбаганыңыздар төмөн баага таптып калды. Биз калыстар тобу кеңешип, ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыгында 243 баллга ээ болдуңуздар. Ал эми жылдын аягында болуучу гала концерке эки мыкты аткарылган чыгармаларды тандап алдык. Алар саламдашуу ыры жана көчмөндөр цивилизациясы  ааламдашуу алкагында  аткарган байыркы эм-домчуларды  тандап алдык.

          Калыстар тобунун мүчөлөрү:

  1. А.Д.Доранова - калыстар тобунун төрайымы, ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;
  2. И. Мырзаураимова – мүчө, Маданият техникумунун мугалими, “Маданияттын мыкты кызматкреи”;
  3. К.Б.Калчекеев – мүчө, ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы;
  4. Р.А.Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;
  5. Н.Г.Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

  • ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА,  ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИА
  • ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА,  ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИА
  • ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА,  ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИА