AVN







БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
 Jun 1, 2018  925

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы эмгек жамааты 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата шаардагы невропсихикалык балдар үйүнүн дарылануучулары менен жолугушту.

    Балдарды куттуктап, окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгул Доранова, декандар, директорлор,  ардагер окутуучулар жана башка кызматкерлер, студенттер барды.

    Наристелерди майрамы менен куттуктаган ректор, окуу жайдын социалдык иш, педагогика жана психология адистиктеринин студенттери жана окутуучулары бул мекеме менен тыгыз байланышта экендигин белгилеп, жамааттын  атынан 50 000 сомго жакын жардам көргөзгөзгөндүгүн айтты. Анын 16 000 сому акчалай каражат катары түрдүү керектөөлөрү үчүн орукананын жетекчилигине ыйгарылды, ал эми  калганына  балдарга керектүү буюм тайымдар алынып тапшырылды.   

    Ошондой эле студенттер жаш балдарга майрамдык маанай тартуулоо ирээтинде  концерттик программа даярдашкан.

    Келечек ээлеринин майрамына карата факультеттер, институттар, колледждер төмөнкүдөй жардам көргөзүштү:

АУП – 8500 сом (конц товар, таттуулар);

ПМТФ – 7000 сом (акчалай)

ЭЮФ – 3650 сом (кийим-кечек)

ТТФ – 4100 сом (шейшептик чыт, памперс), 400 сом акчалай

ФФ – 6450 сом (кийим-кечек, памперс)

МФ – 8500 сом (бут кийим, идиш-аяк)

ЖАК – 3500 сом (акчалай)

ИНО – 5000 сом (акчалай)

    Бул иш чара ЖАМУда 28-майдан 4-июнга чейин бир жумалык жардам көрсөтүү акциясы катары жарыялангандыктан жамааттын кызматкерлери жана студенттери дагы барышмакчы.

  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ
  • БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ