AVN







Кочкор-Ата колледжинде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү

Кочкор-Ата колледжинде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү
 May 31, 2018  981

2018-жылдын 22-майында Кочкор-Ата колледжинде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү. Жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана кесип тандоодо багыт берүүнү көздөгөн окуу жайынын бул иш чарасы өз максатына жетти, анткени Ноокен, Базар-Коргон райондорунан келишкен 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кочкор-Ата колледжиндеги адистиктер жөнүндө, окуу процесстери, окуу канааларынын заманбап үлгүлөрү менен кеңири тааныша алышты.

Кочкор-Ата колледжинин быйылкы 2018-2019-жаңы окуу жылы үчүн абитуриенттерди кабыл алуу жана анын тартиби, ошондой эле адистиктер жөнүндө кеңири баяндалган буклеттер, баракчалар таркатылды.

Окуу жайын аяктап жаткан студенттердин кызыл килемчеден өтүшү, алардын концерттик программалары, агай-эжекелерине, тайпа кураторлоруна айтылган ыраазычылыктары, өз адистиктери боюнча кызыктуу маектери келген мектеп бүтүрүүчүлөрүн кайдыгер калтырган жок. Ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн катышуусу, алардын окуу жайынын дарегине айткан жылуу пикирлери да бул иш чаранын маанисин тереңдетип, окуу жайынын аброюн көтөрдү.

Окуу жайын эң мыкты аяктап жаткан студенттердин ата-энелерине ыраазылык билдирген дипломдор администрация тарабынан ыйгарылды.

Алар:  Божоев Бексултан – РНГМ-1-16
            Каримов Шерзат – ТО-1-16
            Кулматов Арзыкул – БАС-1-16

Адилбекова Бактыгүл - БКМ-1-16 
            Сатимкулова Салимай – БКМ-2-16
            Насирдинов Роман – БК-1-16
            Бактыбеков Арген – ПРНГ-1-16
сыяктуу бүтүрүүчүлөр болушту.
Бул күндөрдө окуу жайынын директору ф.м.-и.д К.Б. Тампагаровдун жетекчилиги менен мындай иш чаралар жыл бою кызуу өткөрүлүп келүүда.
Бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү аяктоону каалоо менен сиздерди окуу жайыбызга “Кош келиңиздер!” деп ак жол каалайбыз!

  • Кочкор-Ата колледжинде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү
  • Кочкор-Ата колледжинде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү
  • Кочкор-Ата колледжинде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү
  • Кочкор-Ата колледжинде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү