AVN







ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ САПАРЫ

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ САПАРЫ
 May 30, 2018  866

ЖАМУнун филология факультетинин “Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика” кафедрасынын доценти А.Кадырова академиялык мобилдүүлүк боюнча бир жума (21.05.-25.05.18) ОшМУнун “Кыргыз адабияты” кафедрасында кызматтык иш сапарда болду. Факультеттин  кафедраларынын ишмердүүлүгүнө байланышкан (аудиториялык, аудиториядан тышкаркы) иш чараларга катышты.

 Кафедралардын мүчөлөрү менен окутуу-тарбиялоо, аккредация  боюнча иш кагаздардын жол-жоболору боюнча пикир алышуу жана тажрыйба алмашуу болду.

  Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы п.и.доктору, профессор С.Момуналиев менен жолугушууу болду.

Өзбек тили, адабияты жана фольклор институтунун (Өзбек Республикасы) аспиранттары М.А.Темирова менен З.К.Эшанованын филология илимдеринин кандидаттык даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык  ишинин авторефератынын талкуусуна катышып, аларга өз пикирин билдирди.

Студенттер жана окутуучулар жолугушуп, аңгемелешүү, суроо-жооптор өткөрүлдү.

  • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ САПАРЫ
  • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ САПАРЫ
  • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ САПАРЫ