AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
 May 30, 2018  1105

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин “Башкаруунун автоматташтырылган системалары” кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы тарабынан 29-майда студенттердин ата-энелери менен чогулуш болуп өттү. Чогулушка БАС кафедрасынын профессордук-окутуучулук курам, 1-4 курстун студенттери, ата-энелер катышышты.

Жыйында студенттердин катышуу, жетишүүсү, окуудагы иш аракеттери жана азыркы күндүн олуттуу темасы болгон «AVN программасы» жөнүндө кеңири маалымат берилди. «AVN программасы» жөнүндө ЖАМУнун МТжКТТ директору А. Термечикова жана Д. Канетова презентация тартуулашты. Компьютер аркылуу тест, экзамендерди тапшыруучу кааналар менен ата-энелер таанышты. Бул күнкү чогулушта негизинен ата-энелердин жана студенттердин баардык суроолоруна жооп табылып, ата-энелер Мамлекеттик сынакка БАСк-1-14 тайпасына ийгилик каалап өтүштү. Балдарынын окуган жерин, окуу жайдын шартын өз көзү менен көргөнү 35 ата-эне келген – дейт уюштуруучулар.

Ата-энелер: Зупанов Садык, Жунушева Сабыркан, Мамасадыкова Сабира, Эргешова Ыкыбал чыгып сүйлөшүп, заманбап жакшы шарттарды түзүп берип жаткан окуу жайдын жетекчилигине, билим жана тарбия берген окутуучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, окуу жай менен тыгыз байланышт аболоорун айтышты.

Жыйынтыгында БАС тайпасынын студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн алдыңкы студенттерге “Алкыш” каттар берилди.

Жыйынтыгында уул-кызына мыкты тарбия бергендиги жана билим алуусуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн ата-энелерге “Ыраазычылык кат” тапшырылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ