AVN







ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАН КЫЗМАТ ОРДУНА ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАН КЫЗМАТ ОРДУНА ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ
 May 30, 2018  934

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346- токтому менен бекитилген “Жогорку окуу жайдын факультеттери” жана ЖАМУнун  “Деканды шайлоо” боюнча жоболоруна ылайык, Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин декан кызмат ордуна жарыяланган конкурстун негизинде 28-майда шайлоо өткөрүлдү. Талапкерлер 1-турдун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй добуштарга ээ болушту :

  1. Ажыкулов Сапарбек Мажитович – 25 добуш;
  2. Асилова Зульфия Атамырзаевна – 17 добуш;
  3. Найманбаев Муктарбек Жумашович – 7 добуш;
  4. Шамшиев Расул Кеңешович – 27 добуш.

Эң көп добуш алган Ажыкулов С.М. жана Шамшиев Р.К. 2-турга катышып, 

  1. Ажыкулов Сапарбек Мажитович – 32 добуш,      
  2. Шамшиев Расул Кеңешович – 43 добушка ээ болду.

Шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүк добуш мененШамшиев Расул Кеңешович “Педагогика жана маалымат технологиялары” факультетинин декан кызмат ордуна шайланды.