AVN

ЖАМУдагы иш-кагаздарды сапаттуу жүргүзүү башкы багытыбыз

ЖАМУдагы иш-кагаздарды сапаттуу жүргүзүү башкы багытыбыз
 May 21, 2018  769

ЖАМУдагы мамлекеттик тил бөлүмү 2018-жылдын 21-майында”Иш кагаздарды сапаттуу жүргүзүү башкы багытыбыз” аталышындагы семинар уюштурду. Семинарга  ЖАМУнун окумуштуу катчысы, кадрлар, укук иштери,  маалыматтар технологиясы жана компьютердик техникаларды тейлөө бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлери катышышты.

Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д.,профессор К. Калчакеев бул бөлүмдөрдөгү иш кагаздардын туура жүргүзүлүшүнүн учурдагы абалы, аларды мындан да жогорку сапатка көтөрүүнүн жолдоруна токтолду. Семинар туура жазуунун эрежелери багытындагы суроо - жооптор менен коштолуп, кызыктуу өттү. Бөлүмдөрдөн берилген сунуштар колдоого алынары белгиленди. Семинарда ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тилдер боюнча проректору А. Дооранова мамлекеттик тил саясатынын окуу жайдын бөлүмдөрүндө талапка ылайыктуу жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, айрым мүчүлүштүктөрдү жоюунун жолдоруна токтолду.

  • ЖАМУдагы иш-кагаздарды сапаттуу жүргүзүү башкы багытыбыз