AVN







“ЖАШТАРДЫН КАТАСЫЗ ЖАЗЫШЫ – МУГАЛИМДИН ДЕҢГЭЭЛИНЕН”

“ЖАШТАРДЫН КАТАСЫЗ ЖАЗЫШЫ – МУГАЛИМДИН ДЕҢГЭЭЛИНЕН”
 May 29, 2018  1815

Мамлекеттик кызматтарда иштегендердин тил билиши боюнча чечкиндүү аракеттер башталды. Бирок, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча канчалык аракеттер болбосун баары бир анын көйгөйү да аз эмес. Учурда биздин мамлекеттик тилибизге болгон мамиле кандай? Кайсы жагынан алга жылып, кайсы жагыгнан аксап жатабыз? Эне тилибиздин ушундай күнгөй-тескейине саресеп салып көрүү максатында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжан БАКИРОВА менен маектешип көрдүк.

 

-Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгы кайсылар эле?

- Илимий-техникалык прогресс кеӊири кулач жайган сайын ар бир элдин жашоо шартында көптөгөн жоготуулардын орун алып келе жаткандыгы – чындык көрүнүш. Анын бир көрүнүшү – улуттук эне тилдердин тагдыры. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында «эл достугу» деген ураан ашыра пропагандаланып, чоӊ улуттардын таасирлери күчөп, улуттар аралык тилдерге басым жасалып, ал эми улуттук тилдер өзүнүн керектигинен ажырап, анын колдонулуу чөйрөсү чектеле берген. Ошондуктан улуттук тилдердин өнүгүшүн жандандыруу, аны коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө кеӊири пайдаланууга шарт түзүү максатында 1989-жылдын 23-сентябрында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Ар бир жарандын саясий, социалдык, маданий, атуулдук укуктарынын сакталышында анын эне тилинин укуктук орду чоң. Бул сыяктуу зарыл милдеттерди аткаруу үчүн улуттук эне тилдин өзү мыйзам аркылуу корголууга муктаж болгон. Ошондуктан аталган мыйзам кабыл алынган.

-Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан бери мыйзамдын ишке ашырылышынын абалы кандай деп эсептейсиз? Кандай мүчүлүштүктөр кетирилип жатат?

-"Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынгандан бери кыргыз тилине маани берилип, аны өнүктүрүүгө багытталган бир топ аракеттер бар. Атап айтсак, окутуу кайсы тилде жүргүзүлгөндүгүнө карабастан бардык окуу жайларында, жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тили сабактарына бөлүнгөн сааттар көбөйтүлдү. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, кыргыз тили боюнча сынактан өткөн адистерди кызматка алуу сыяктуу талаптар коюлду. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү, кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча курстар уюштурулган учурлар болду. Бирок муну менен эле абал жакшырып кеткен жок.

Биздин тилчилерде "Мамлекеттик тил коргоого эмес, колдонууга муктаж” деген таасын кеп бар. Ошондуктан канча жолу мыйзам кабыл алынганы менен, эне тилди турмушубузда колдонбосок, ал мамлекеттик тил катары өнүкпөйт, жашабайт. Кыргыз тили – биздин турмушубуздун негизи. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн пикир алышуусунан тартып, ар бир жаран окуусунда, кызматында өз эне тилин сүйүүнү, ага туура мамиле жасоону милдети катары эсептегенде гана мамлекеттик тил өнүгөт.

-Азыркы тапта Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил мыйзамын сактоо боюнча абалга кандай баа бересиз? Кандай көйгөйлөр байкалып жатат?

- Бул багытта Жалал-Абадда тил комиссиясы тарабынан колго алынып жаткан иштер бар. Алар ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасы менен бирдикте Мамлекеттик тил күнүнө карата жумалыктарды, үч айлыктарды уюштуруп турушат, бул датага карата иш-чаралар өткөрүлүп турат. Атап айтсак, 2017-жылдын сентябрь – ноябрь айларында уюштурулган үч айлыктын алкагында кафедра мүчөлөрү шаардагы 48 ишкана менен бирдикте иш алып барышып, алардын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө көмөк көрсөтүлүп, семинарлар өткөрүлдү. Жыйынтыгында, мамлекеттик тилге маани берип, иш кагаздарын, көрнөк-жарнактарын мыкты даярдаган 19 ишканага ЖАМУнун I, II, III даражадагы дипломдору ыйгарылды. Андай мекемелердин катарына Жалал-Абад шаардык мамлекеттик салык кызматы, "Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалы, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү, Санэпид көзөмөлдөө борбору, Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгы, №13 орто мектеп, №10 "Барчын” балдар бакчасы ж.б. кошууга болот.

Бүгүнкү күндө шаардын көчөлөрүндөгү, айрым ишкана-мекемелердин аймагындагы көрнөк-жарнактарда, иш кагаздарынын жүргүзүлүшүндө, массалык маалымат каражаттарынын материалдарында кетирилип жаткан кемчиликтер арбын. Аларды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алууга тиешелүү адистер тартылышы зарыл.

-Шаар аймагында тил маданиятын, жалпы абалды жакшыртуу боюнча кандай сунуштар бар?

-Кеп маданияты – адамдын жалпы маданиятынын күзгүсү. Сөзүң кандай болсо, жүрүш-турушуң, жасаган ишиң, адамдык сапатың ошондой болот. Шаардын аймагында кеп маданиятын жакшыртуу үчүн тиешелүү коомдук жайларга тарбиялык мааниси терең накыл кеп, учкул сөздөрдү жазып коюу керек. Ал бирөөнүн болбосо, бирөөнүн назарына илинип, андан сабак алат деп ойлойм.

-Мекеме-ишканаларда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жакшыртуу боюнча эмнелерди жасаш керек деп ойлойсуз?

-Мекеме-ишканаларда иш кагаздары менен иш алып баруучу адистерди туура тандоо керек деп ойлойм. Мамлекеттик тилде туура жаза билген, компьютерде сабаттуу иштей алган билимдүү адис иштеген, мамлекеттик тилге көңүл бурган жетекчилер эмгектенген ишкана-мекемелерде абал жакшы. Абалды жакшыртуу үчүн тиешелүү кызматкерлерге мамлекеттик тил боюнча курстар уюштурулуп, адистерден сабак алуусу керек.

-Жогорку органдардан дагы эле документтер орус тилинде келишин кантип токтотуу керек?

-Жогорку органдарда көбүнчө орус тилдүү адистер эмгектенишип, документтер дээрлик орус тилинде даярдалып, керектүү учурда кыргыз тилине которулуп жөнөтүлөт. Натыйжада, кыргыз тилинде келген документтердин сапаты начар болуп, стилистикалык, орфографиялык, пунктуациялык каталар көп кетирилет. Документтердин орус тилинде келишин токтотуу үчүн тиешелүү жетекчилик ага көңүл буруп, документтерди мамлекеттик тилде гана даярдоону талап кылып, мамлекеттик тилде туура жаза алган, иш кагаздарынын реквизиттерин мыкты өздөштүргөн адистерди кызматка алуусу керек.

-Азыр жаштар арасында кыргыз тилинде туура жазуу жагынан көйгөй бар. Бул багытта сиздердин окуу жайда кандай иштер жүрүүдө?

-Адамдын жазуусу тамга таанып, жаза баштаган күндөн тартып калыптанат. Жаштардын туура жаза албагандыгынын себеби жазууну үйрөткөн мугалимдин билимине, сабаттуулук деңгээлине байланыштуу. Туура жазганды үйрөнгөн бала кийин окуган, иштеген учурда эч качан жазуусунан ката кетирбейт.

Биздин окуу жайда бардык адистиктердин 1-курсунда кыргыз тили предмети окутулат. Студенттердин жазуу иштерин жакшыртуу, иш кагаздарынын жазылышын үйрөтүү бул предметти окутуунун негизги максаты болгондуктан, окутуучулар бул ишке өзгөчө басым жасашат. Бирок "беш кол тең эмес” дегендей, бардык окутуучулардын берген билиминин сапаты бирдей деңгээлде болбогондуктан, натыйжасы жакшы байкалбайт.