AVN







ХИМИКТЕР ДИПЛОМ МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

ХИМИКТЕР ДИПЛОМ МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
 May 28, 2018  963

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда     17-май күнү “Студент жана илимий прогресс: педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу проблемалары” аттуу регионалдык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Мындай маалыматты “Химия” кафедрасынын окутуучусу Нурия Жолдошева билдирди.

     Анын айтынды конференция Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, б.и.к., профессор Г.К.Омуралиеванын 70 жылдык юбилейине арналып уюшулган.  Аталган  конференцияга ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин студенттери да катышып келишти. Активдүү катышып эң мыкты илий-баяндама  окугандыгы үчүн Х-1-15 группасынын студенттери Якубжанова Мухлиса II даражадагы (илимий жетекчиси п.и.к.,доцент Арстанбекова Н.Б.), ал эми Мурзакул кызы Мадина  III даражадагы (илимий жетекчиси ага окутуучу Жолдошалиева Н.С.) дипломдор менен сыйланышты.Жалпы жонунан конференцияга ар кандай багытта 134 илимий макала түшкөн.

  • ХИМИКТЕР ДИПЛОМ МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ