AVN







ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
 May 26, 2018  969

“Аймактарды өнүктүрүү жылына” жана ЖАМУнун 95 жылдык юбилейлик мааракесине карата ЖАМУнун ПМТФдагы жана АТФтагы имараттарында жайгашкан чоң залдар оңдолду. 

“Педагогикалык маалымат жана технологиялык факультетиндеги чоң жыйындар залы касметикалык ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле сахналарынын жасалгалоо комплектилери (көшөгөлөр, арлекиндер, кулисалар, падугалар, арткы көшөгөлөр) жана  айнек пардалары жаңыланып заманбап стилде жасалгаланды.   Андан сырткары электрондук табло коюлуп, аны менен катар музыкалык аппаратуралар, үн күчөткүчтөр, жарык берүүчү аппаратуралар жаңы сатылып  алынды.  

Ал эми АТФнын чоң жыйындар залы толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлуп, сахналарынын жасалгалоо комплектилери (көшөгөлөр, арлекиндер, кулисалар, падугалар, арткы көшөгөлөр) жана  айнек пардалары жаңыланып заманбап стилде жасалгаланды.  Ошондой эле музыкалык аппаратуралар, үн күчөткүчтөр, жарык берүүчү прожекторлор коюлду – дейт социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгул Доранова.

Окуу жай жаштарга билим берүүдөн сырткары эс-алууну уюштуруу иштерин жүргүзүп келгендикте,  таланттуу студенттердин өнөрүн өркүндөтүү максатында маданий иш-чараларды уюштуруп келет. Жан дүйнөсү чыгармачылыкка, идеяга бай жаштар университетте арбын. Аларды колдоп, талантын ташкындатууга жол көргөзүүчү маданий-эстетикалык борборубуз иш алып барууда. Аларга шарт түзүп берүү үчүн жогорудагы иштер турмушка ашырылды – деген ойюн кошумчалады ал.

  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖЫЙЫНДАР ЗАЛДАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ