AVN







ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ

ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
 May 26, 2018  1834

ЖАМУнун 95 жылдыгына карата Жалал-Абад колледжинин      

Педагогика бөлүмүнүн Башталгыч  класстарда окутуу адистигинин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин арасында “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” аттуу кароо сынагы өткөрүлдү.

Бул сынактын максаты келечектеги чыгармачыл мугалимдерди табуу жана аларды студенттерге үлгү катары көрсөтүү, өнөрлүү, таланттуу студенттерди  колдоо,  мугалимдик кесипти даңазалоо менен бирге аброюн, кадыр-баркын көтөрүү. Ошондой эле кесипке жаштарды тартуу жана кызыктыруу  болуп саналат. Сынакта ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.М.Куваков, п.и.док., проф. С.С.Сакиева, ЖАКтын директору п.и.к., доцент  Б.М. Турдубаева Жалал-Абад шаарынын  № 17 орто мектебинин башталгыч класстын мугалими ЖАКтын 2014-2015- окуу жылынын бүтүрүүчүсү   Б. Сүйүнбаевалар калыс болушту. Сынактын жыйынтыгында    студенттер төмөндөгүдөй орундарга жана номинацияларга ээ болушту.            

                 1-орун: БКМк 3-15 тайпасынын студенти Курманбек к. Нурай

                 2-орун:  БКМб 2-15 тайпасынын студенти Айтиева Мээрим

                 3-орун: БКМб 3-15тайпасынын студенти  Джолдошева Алина

“Чыгармачыл практикант” номинациясына БКМб-2-15 тайпасынын студенти Кубатбекова Венера,

“Ажарлуу практикант” номинациясына БКМб-01-16 тайпасынын студенти Сардалбекова Нурия жана кароо сынакка активдүү катышкандыгы үчүн БКМб-3-15 тайпасынын студенти Баратова Айдана грамотага ээ болду. Ошону менен катар баалуу белектер менен сыйланышты.

  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ
  • ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАЙМ