AVN







ИШ КАГАЗДАРДЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨТӨЛҮ

ИШ КАГАЗДАРДЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨТӨЛҮ
 May 26, 2018  955

“Иш кагаздарды кыргыз тилинде сүйлөтөлү” – деген аталышта ЖАМУнун эсепкана, каржылык-пландоо, басма сөз, басмакана бөлүмдөрүнүн жетекчи жана кызматкерлеринин башын бириктирген семинар болуп өттү.  Семинар окуу жайдын Мамлекеттик тил бөлүмүнүн адистери тарабынан уюшулган.

    ЖАМУнун  Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы филология илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Калчекеев семинарды ачып жатып аталган бөлүмдөрдөгү иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн учурдагы абалына токтолду.

    Андан кийин ар бир бөлүмдүн башчылары: басмакана бөлүмүнүн башчысы Сыдык Зупанов, башкы эсепчи Дамира Кадырбаева,  каржылык-пландоо бөлүмүнүн кызматкери Мая Багышева, айлык акы боюнча эсепчи Сайракан Көчкөнбаева, эсепчи Гүлзина Чоюбекова, Аспирантура, докторантура жана магистратура  бөлүмүнүн улук инспекторлору Гүлмира Абдразакова, Айгерим Атамбековалар  өздөрү эмгектенген бөлүмдөрдүн  иш-кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлгөнү менен айрым жетшпестиктер жок эмес экендигин мисалдар менен айтып өтүштү.

   Семинардын жүрүшү суроо-жооптор менен коштолду. ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова сөз алып, тил саясатынын актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолуп, семинардын ишине ийгилик каалады.

  • ИШ КАГАЗДАРДЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨТӨЛҮ
  • ИШ КАГАЗДАРДЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨТӨЛҮ
  • ИШ КАГАЗДАРДЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨТӨЛҮ