AVN

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” СЫНАГЫ МАЙЛУУ-СУУ КОЛЛЕДЖИ

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”  СЫНАГЫ МАЙЛУУ-СУУ КОЛЛЕДЖИ
 May 25, 2018  805

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи  «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жылдыгына, университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша  ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

            Сынактын катышуучулары талапка ылайык сынактын бардык шарттарын  аткарышып, окуу жайда окушуп аяктаган жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө  кесипкөйлүүлүк менен албан салымын кошкон белгилүү  чыгаан сүрөтчү Г. Айтиевдин образы менен сахналаштырылган  эпизод аткарышты. Ааламдашуу алкагында көчмөндөр маданиятын даңазалоо менен аны изилдеп пропагандалоо заман талабы болгондуктан, кыргыз элинин тээ көчмөн мезгилинен бери баалуу болуп келген “кыз узатуу” салты,  кыргыз улуттук кийимдеринин баркын, баалуулугун жана уникалдуулугун даңазалаган кийимдер парады көргөзүлдү.

        Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун төрайымы Айгул Доранова:  “Негизинен бардык  7 шартынын бардыгын аткардыңыздар. Биз калыстар тобу кеңешип, ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыгында 245 баллга ээ болдуңуздар. Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз” – деп жылуу пикирин билдирди.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:

  1. А.Д.Доранова - калыстар тобунун төрайымы, ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;
  2. Ж.Н.Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;
  3. К.Б.Калчекеев – мүчө, ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы;
  4. Р.А.Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун  жетекчиси;
  5. Н.Г.Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”  СЫНАГЫ МАЙЛУУ-СУУ КОЛЛЕДЖИ