AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЛИМИЙ – ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЛИМИЙ – ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 May 25, 2018  944

2018-жылдын 24-майында “Жалал–Абад мамлекеттик университетине 95жыл”, “Региондорду өнүктүрүү” жана “Көчмөндөр цивилизациясына” карата ЖАМУнун Педагогика  маалымат  технологиялар  факультетинин чоң жыйындар залында “Жогорку квалификациялуу адис – өлкөнүн тиреги” аталыштагы студенттердин илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.

Конференциянын катышуучуларын ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов куттуктады жана конференциянын ишине ийгиликтерди каалады. Конференциянын ишине 390 студент 83 профессор окутуучулук курам катышты.

Конференцияны ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору, ф-м.и.д., профессор Алыбаев К.С. алып барды.

 

Пленардык жыйында төмөнкү илимий баяндамалар окулду.

 

1-баяндама: Бахтияр к Толгонай КТ-1-15 «Ч.Айтматовдун айрым чыгармаларындагы мугалимдердин образы»

2-баяндама: Усенов Адилет СК-1-14 «Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги»

3-баяндама: Байышбек к Айжаркын ЛД-2-15 «Алоэ дары гүлүнүн элдик медицинада колдонулушу»

4-баяндама: Ганыбеков Жыргалбек ЛДк-4-15 «Мониторинг и оценка состояния системы инфекционного контроля в центре семейной медицины города Жалал – Абад, Кыргызской Республики»

5-баяндама: Курманбеков Дурусбек ТИПФ КТА-1-16 «Аймактарды өнүктүрүү жана коомдук прогресс»

6-баяндама: Кулматов Арзыкул КАК БАС-1-16 «2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылында» Кыргызстандын экономикасынын өсүүсү»

7-баяндама: Сеитбек к Саадат ЛДк-6-12 «Аортокоронарное шунтирование в ЮРНЦССХ»

8-баяндама: Зиябиддин уулу Искендер Т-1-17 «Көчмөндөрдөгү конок күтүү салты»

 

Конференцияда 25 секция иш алып барды жана анда 338 илимий баяндама окулду. Секция башчыларынын протоколдорунун негизинде мыкты илимий баяндама жасаган студенттер I,II,III даражадагы дипломдор менен сыйланышты жана конференцияда көйгөйлүү маселелерди чагылдырып, мыкты баяндама жасагандыгы үчүн «Алкыш» жарыяланды. Пленардык жыйында окулган 8 докладчыга дипломдор тапшырылды.

1-даражадагы дипломго 25 студент,

       2-даражадагы дипломго 25 студент,

       3-даражадагы дипломго 25 студент ээ болушту.

            25 студентке «Алкыш» жарыяланды.

 

1-даражадагы диплом менен сыйланган студенттердин илимий баяндамалары ЖАМУнун “Илим жана студент” басылмасында жарыкка чыгат.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЛИМИЙ – ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЛИМИЙ – ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЛИМИЙ – ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЛИМИЙ – ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЛИМИЙ – ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ