AVN







БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС

БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС
 May 25, 2018  798

Филология факультетинин “Кыргыз тили” кафедрасы тарабынан Кт-1-16, Ктк-2-16 тайпаларынын 3 жумалык мөөнөткө чыгышкан  адаптациялык-педагогикалык жана Кт-1-15 тайпасынын 5 жумалык мөөнөткө чыккан адистик-базалык практикасынын жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү.                Конференцияга университеттин өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы Ж.Куваков, педагогика жана психология предметтеринен сабак өткөн окутуучулар – А.Матисакова, И.Акматова , кыргыз тили кафедрасынан жана кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты кафедрасынан дайындалган усулчу-окутуучулар – И.Абдувалиев, А.Оморов, Г.Бакирова, Д.Чокоева, А.Шерипбаев, А.Токурова, Г.Ашимбаевалар катышышты.

          Студенттер практика учурунда өтүлгөн сабактардан фрагмент көрсөтүштү, топторго бөлүнүп таанышып келишкен мугалимге керектүү документтер боюнча презентациялашты. Конференцияда практика учурундагы жетишкендиктер, кемчиликтер жөнүндө сөз болду.

         Кт-1-15 тайпасынын студенти Асанова Эркинай академиялык мобилдүүлүк боюнча ОшМУда окуп жаткандыгына байланыштуу адистик-базалык практиканы ОшМУнун алдында уюшулган «Билим» лицейинде өтөп, ага кыргыз тили кафедрасынын профессору И.Абдувалиев усулчу катары дайындалып, сабактарына  барып катышып келди.

  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ – ЭРТЕҢКИ АДИС