AVN







ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ - ЖАШТАРДЫН ШААРЫ ҮЧҮН!

ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ - ЖАШТАРДЫН ШААРЫ ҮЧҮН!
 May 25, 2018  1009

Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" эс алуу паркында 24-май күнү жаштардын демилгеси менен курулган "Жаштар аллеясынын" ачылышы болуп өттү.

Иш-чара аллеянын ачылышына жакындан көмөк көрсөткөн өнөктөштөргө  ыраазычылык берүү менен башталды.

Андан соң жаңы орнотулган отургучтарда жаштар келечекте ушул аллеяда китеп окуп отурган көрүнүштөрдү чагылдырышты.

 "Жалал-Абад шаарынын жаштарынын демилгеси менен Жаштар аллеясы курулду. Жаштардын жана өнөктөштөрдүн, жеке ишкерлердин күчү менен курабыз деп шаардык кеңештен 50 миң сом алганбыз. Бул жердеги курулуштар №75 лицейдин студенттеринин жардамы менен болсо, ал эми акча каражаты боюнча "10 тыйын" акциясы жарыяланып, баса белгилеп айтып коеюн эң көп суммадагы акчаны ЖАМУнун жаштар комитети чогултуп беришти. Жалпы жаштардан 30 миң сом акча топтолгон. Бул аллеяга 10 үстү жабылган отургуч, 10 таштанды таштоочу урна жана 10 жарыктандыруучу чырактар орнотулду"-дейт Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байыш Ташбаев.

  • ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ - ЖАШТАРДЫН ШААРЫ ҮЧҮН!
  • ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ - ЖАШТАРДЫН ШААРЫ ҮЧҮН!
  • ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ - ЖАШТАРДЫН ШААРЫ ҮЧҮН!
  • ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ - ЖАШТАРДЫН ШААРЫ ҮЧҮН!