AVN

СТУДЕНТТЕР КЕН БАЙЛЫКТАР ЧЫККАН ЖАЙЛАР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШЫШТЫ

СТУДЕНТТЕР КЕН БАЙЛЫКТАР ЧЫККАН ЖАЙЛАР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШЫШТЫ
 May 24, 2018  1041

Табигый-техникалык факультетинин География кафедрасынын Г-1 15 тайпасы профессионалдык –базалык  зона аралык окуу-өндүрүштүк      практикага чыгышты .

     Окуу-өндүрүштүк практикасынын максаты, студенттер теориялык алган билимин практика жүзүндө көрүп,зона аралык окуу-өндүрүштүк  практика өтүлүүчү обьектинин экономикалык, географиялык шарттары менен таанышуу, аймактын  географиялык, экологиялык  көйгөйлөрүн окуп үйрөнүү жана географиялык баа берүү менен  маалыматтарды жыйноо – дейт практика жетекчиси А. Керимбекова.

 ЖАМУнун окуу графигине студенттер 30-апрелден  19- майга чейин профессионалдык-базалык зона аралык окуу- өндүрүштүк практикасында Жалал-Абад шаарындагы  “Келечек”АКК,  “Нур” АКК, нефтини кайра иштетүүчү Кыргыз Петролеум компаниясы, Асртанбап-Ата токой чарбасы, Сары – Челек биосфералык коругунда, Ош шаары,   Сулайман-Тоо музейинде, Кыргыз Республикасынын түштүк аймагы боюнча чогултулган кен байлыктар алынуучу минералдарынын жыйындысы сакталып турган геология музейинде, Ош облусунун Араван ройонундагы Чили-Устун тоосундагы Дуль-Дуль ата жана Чили –Устун үңкүрүндө, Араван районундагы цемент зоводунда, Ноокат районунун Абшыр-Сай  шаркыратмасында, Алай районунун минералдык жана термалдык булактарынын чыккан жери жылуу булакта  болушканы маалыматта айтылган.

       Мындай зона аралык окуу-өндүрүштүк  практикасын өткөрүүдө Жалал-Абад, Ош областарынын экономикалык, географиялык шарттары  жана айрым өндүрүштүк тармактардын иштөө принциптери менен таанышып, аймактын экологиялык географиялык көйгөйлөрүн көрө алдык.   Теориядан алган билимдерибизди колдонуу менен практиканы айкалыштырууга чоң шарттар түзүлдү – деген ойлорун студенттер жыйынтыктоо конференциясында айтышты.

  • СТУДЕНТТЕР КЕН БАЙЛЫКТАР ЧЫККАН ЖАЙЛАР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШЫШТЫ