AVN







"АКЫЛ ТИРЕК " НААМЫ

 May 24, 2018  833

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы п.и.к.,доцент Ажыкулов Сапарбек  Аскар Салымбекдун фонду жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы    тарабынан уюшулган 40-жашка чейинки жаш окумуштуулар арасында өткөрүлгөн конкурста “Акыл Тирек” наамына, акчалай сыйлыкка ээ болду. Мындай маалыматты аталган факультетинен кабарлашты.

       Маалыматта "С. Ажыкулов Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын бешинчи жарышында илимдеги жетишкендиктери жана мамлекеттеги орчундуу маселелерди чечүүдө өзгөчө сунуш жана алдыңкы идеяларын берип келе жаткандыгы, ошондой эле илимге кошкон салымы" үчүн "Акыл Тирек " наамын жана акчалай 15000 сом жеңип алды  деп жазылган.

Эскерте кетүүчү жагдай бул иш-чараны жыл сайын  Аскар Салымбековдун  фонду жана КР УИАнын президенти Мурат Джуматев  тарабынан уюштурулуп  жылдын жыйынтыгы чыгарылып турулат.     С. Ажыкуловго жалпы окуу жайдын эмгек жамааты  алган сыйлыгы менен куттуктап, ишерине ийгиликтерди каалайт.