AVN







ЖАЛАЛ АБАД КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

ЖАЛАЛ АБАД КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
 May 23, 2018  991

ЖАМУнун Жалал-Абад  колледжинде орто кесиптик билим берүүнүн 10 адистиги боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) көз карандысыз аккредитациядан өткөрдү.
Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышты.
Жыйынтыгында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ААОПО) эксперттери жалпы жыйын уюштурушуп, орто кесиптик боюнча 10 адистик 5 жылдык мөөнөт менен ийгиликтүү аккредитациялоодон өткөндүгүн маалымдашты.


 

  • ЖАЛАЛ АБАД КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
  • ЖАЛАЛ АБАД КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
  • ЖАЛАЛ АБАД КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
  • ЖАЛАЛ АБАД КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ