AVN







КЫРГЫЗСТАН МИНЕРАЛДЫК СУУЛАРГА БАЙ ӨЛКӨ

КЫРГЫЗСТАН МИНЕРАЛДЫК СУУЛАРГА БАЙ ӨЛКӨ
 May 23, 2018  2820

Табигый-техникалык факультетинин География кафедрасынын  Г- 1-15 тайпасында 21- майда “Кыргызстандын минералдык жана термалдык булактары” аталышындагы ачык лекциялык  сабак өттү.  Ал аталган кафедранын ага окутуучусу  А.К. Мамытова тарабынан уюштурулган.

Асык сабакка үч маселе коюлган алар:

а) Кыргызстандын минералдык,  термалдык булактарынын жайгашуу     

    жана гидро геологиялык аймактар боюнча таралышы;

б) Адам баласынын ден соолугуна пайдалуулугу жана аны колдоно билүү жолдорунун калыптануусу;

в) Студенттерди кесиптик багытка жана патриоттуулукка, Ата Мекенин сүйүүгө тарбиялоонун элементтерин калыптандыруу маселелери каралды.

     Бул сабакта студенттер  Кыргызстандагы минералдык жана термалдык булактар, алардын жайгашуусу,  Минералдык жана термалдык  сууларды пайдалануу жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту – дейт А. Мамытова.

     А. Мамытованын айтымында “Кыргызстандын аймагында минералдык жана термалдык булактар 250дөн ашык жерде жайгашып, пайдаланылууда. Термалдык суулар – 24-45 С ысык температурага ээ жана тери ооруларын айыктырууда колдонулат. Минералдык булактар – курамында химиялык элементтердин пайыздык катнашы жогору суу болгондуктан ички органдарды дарылоодо пайдаланылат. Мисалы: Жалал-Абад 27, Кара-Шоро суулары дүйнөлүк мааниге ээ болгон боржом, ессентуки минералдык сууларынын касиеттерине тең келет”.

     Биздин мындай байлыктарыбызды туура пайлаланууну, коргоону жаш адистерге үйрөтүп, келечегибизди түптөй алабыз деген максатта ачык сабак уюштурулганын кошумчалай кетти ал.

  • КЫРГЫЗСТАН МИНЕРАЛДЫК СУУЛАРГА БАЙ ӨЛКӨ
  • КЫРГЫЗСТАН МИНЕРАЛДЫК СУУЛАРГА БАЙ ӨЛКӨ
  • КЫРГЫЗСТАН МИНЕРАЛДЫК СУУЛАРГА БАЙ ӨЛКӨ