AVN

ГЕОГРАФИЯ АДИСТЕРИ ЖАРАТЫЛЫШ КУБУЛУШТАРЫН АНЫКТООНУ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

 May 23, 2018  998

Табигый-техникалык факультетинин География кафедрасынын улук окутуучусу Мамытова Айгүлдүн жетекчилиги менен ЖАМУнун окуу графигине ылайык география адистигинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн Г-1-16 тайпасынын студенттери 2018-окуу жылынын  14- майынан 19-майга чейин профессионалдык-базалык (предметтердин комплекси боюнча) окуу-талаа практикасында болушту.

Профессионалдык-базалык окуу талаа практикасынын максаты: Студенттердин теориялык алган билимдерин реалдуу жаратылыштын талаа шартында илим менен айкалыштыруу жана географиялык баа берүү менен маалыматтарды жыйноо болуп саналат.

        Студенттер Ош обулусунун Ош шаарында, Сулайман-Тоо музейинде, Геологиялык музейде, Ак-Буура дарыясынын ортоңку агымынын жээгинде, Араван районунун Чили-Устун тоосунда, Ноокат районунун Абшыр-Сай аймагында жана Алай районунун Жылуу-Суу термалдык булак чыккан аймакта болушту – дейт практика жетекчиси А. Мамытова.

       Жыйынтыгында  окуу-талаа практикасын өткөрүүдө Жер бетин өзгөртүп туруучу геологиялык процесстердин өз ара аракеттерин, алардын натыйжасында пайда болгон рельефтин формаларын,  табигый кырсыктардын келип чыгуу себептерин аныктоону үйрөнүштү – деп кошумчалады ал.

  • ГЕОГРАФИЯ АДИСТЕРИ ЖАРАТЫЛЫШ КУБУЛУШТАРЫН АНЫКТООНУ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ