AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ
 May 22, 2018  1861

 ЖАМУнун   Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасында 16-майда  студенттердин ата-энелери менен чогулуш   болуп өттү.  Чогулушка     факультеттин деканы т.и.к., доцент  Ж.Б. Шамиев, химия кафедрасынын башчысы Н.Б. Арстанбекова ,  1-4 курстун  кураторлору, ата-энелер  катышышты. 

Аталган факультеттин  деканы Ж.Б. Шамиев өз сөзүндө  окуу жайда студенттердин билим алуусуна толук шарттардын түзүлгөндүгүн айтып, студенттин билим алуусу  AVN системасы менен бааланып жаткандыгына токтолуп, ар бир ата-эне өзүнүн уул-кызынын  жетишкендигин көзөмөлгө алуу үчүн, уюлдук телефондоруна “Кел-Бил” программасын жүктөп алууну сунуштады.

          Чогулуштун жүрүшүндө кафедра башчысы  Н.Арстанбекова  Химия кафедрасындагы “550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын  химия профили”  боюнча билим алып жаткан студенттердин сабактарга катышуусу, жетишүүсү, окуу программалары, окуу пландары  боюнча  кеңири маалымат берди.

         Ата-энелердин атынан чыгып сүйлөгөн А.Акжолов  ЖАМУнун уникалдуу университет экендигин белгилөө менен, бүгүнкү күндө мектептерде химия, биология мугалимдеринин жетишпегендигин айтуу менен, көпчүлүк мектептер химиктерге муктаж экендигине токтолду. Химия адистери мектептерде гана эмес, өндүрүштүн эң чоң лабораторияларында, илимий мекемелерде да иштей ала тургандыгын айтып, уул-кыздарынын  химия адистигин туура тандагандыгын белгилеп өттү.

         Ата-энелер:  С.Самсалиева, Ч.Көчөрова, С.Хамракулова, А.Момошева, О.Жаманаков, Юлдашева чыгып сүйлөшүп,  заманбап жакшы шарттарды түзүп берип жаткан окуу жайдын жетекчилигине,  билим жана тарбия берген окутуучуларга  терең ыраазычылыктарын билдиришип, окуу жай менен тыгыз байланышта болоорун айтышты. 

    Жыйынтыгында уул-кызына  мыкты тарбия бергендиги жана билим алуусуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзгөндүгү  үчүн ата-энелерге “Ыраазычылык кат”  тапшырылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ