AVN







ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА

ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА
 May 22, 2018  885

ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова “Биздин окуу жай республиканын аймагында жайгашкан илимий потенциалдуу, материалдык-техникалык базасы жетиштүү, билим жана интеллектуалдык жактан сапаты жогору, бекем тартипте жана ынтымактуу жамааты бар, аймакта эле эмес республикага, жакынкы жана алыскы өлкөлөргө кесипкөй адистерди даярдаган окуу жай.Сынактын максаты өлкөбүздүн келечекте гүлдөп өнүгүшүнө салымыбызды кошуда оордубуз чоң экендигин даңазалоо, маданий-эстетикалык табитибиздин, мурастарыбыздын тарбиялык маанисинин тереңдигин, баалуулугун даңазалоо жана жайылтуу – дейт ал.

Аталган сынакка ЖАМУнун бардык факультеттери, колледждери жана институттар катышып, атайын калыстардын сынагына коюлат. Жыйынтыгы жыл аягында чыгарылып, жеңүүчүлөргө атайын окуу жайдын белектери ыйгарылат.Сынактын жобосу сунушталат.

«2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу сынактын

ЖОБОсу

Сынактын шарттары:

  1. Саламдашуу салты (ЖАМУ - 95) 5-10 мүнөттөн ашпоосу керек;
  2. “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” темасынын алкагында окуу жайыбызда окуп кеткен белгилүү инсандардын образы менен маанилүү сахналаштырган, сюжеттүү инценировка ж.б. (мисалы: Т.Үмөталиев, Ж.Мавлянов, Р.Ачылова, Г.Айтиев, Ж.Бөкөнбаев, Н.Биримкулов ж.б.) - 10 мүнөттөн ашпоосу керек;
  3. Бий жанры (улуттук жана дүйнө элдеринин бийлеринен бийлөө. Жекече же коллектив менен) - 10 мүнөттөн ашпоосу керек;
  4. Ыр жанры (нукура элдик жана заманбап ырлардан аткаруу. Жандуу үн менен жекече, коллектив менен, музыкалык аспаптардын коштоосунда, заманбап ырларды минусовка колдонуу менен. Төрт ырдан ашпоосу керек) - 10-15мүнөт;
  5. ЖАМУ - 120 жашта. “ЖАМУну 25 жылдан кийин кандай элестетем?” (ЖАМУнун келечектеги гүлдөп өнүккөндүгү жөнүндө слайд шоу, сахналаштырылган эпизод, макет ж.б.) - 10 мүнөттөн ашпоосу керек;
  6. “Дүйнө эли Ч. Айтматовду окушат” (Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуу, сахналаштырып көрсөтүү, ж.б.) - 10 мүнөттөн ашпоосу керек;
  7. Көчмөндөр цивилизациясы ааламдашуу алкагында (көчмөн элдерге тиешелүү оозеки чыгармалары, ыр, күү, бий, каада-салт, кийим-кече (дефиле), ж.б.) 10 мүнөттөн ашпоосу керек .

Конкурстун максатын ишке ашуруу үчүн эскертүү:

  1. Конкурстун шарттарынын бардык пункттарын камтыган программа түзүү шарт;
  2. Конкурстун программасына студенттер катышпоосу керек;
  3. Катышуучулардын (пофессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлердин) жаш курактары жана саны чектелбейт;
  4. Катышуучу бир гана номерди аткарууга тийиш;
  5. Конкурска даярдалган программанын убактысы 1.15 – 1.30 саатты камтышы керек;
  6. Конкурсту өткөрүүдө жамааттардын активдүү катышкандыгы жана теманын мазмунун программага ылайык терең ачкандыгы эске алынат;
  7. Эң көп балл алгандыгы жана теманы ачууда активдүүлүгүн көрсөткөн жамааттарга I, II, III орундар берилип, акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
  8. Конкурсту өткөрүү график боюнча аткарылат.

 

Калыстар тобунун милдеттери жана укуктары:

  1. Калыстар тобу беш кишиден турат;
  2. Калыстар тобу жобонун негизинде иш алып барышат;
  3. Калыстар тобу ар бир пунктту 5тен 10го чейинки баллдык система менен баалашат.
  4. Конкурстук программанын аягында жалпы балл жарыяланып, тандалган номерлер белгиленет.

 

“Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта”

аттуу сынакты өткөрүүнүн жадыбалы

 

Факультеттер жана колледждер

Мөөнөтү

Өтүүчү жери

Жооптуу

  1.  

Майлы-Суу колледжи

17.05.2018

15:00; МСК

(Ч/З)

Директор МСК

  1.  

ЭЮФ

22.05.2018

15:00; ЖАМУ

(Ч/З)

Декан ЭЮФ

  1.  

Медициналык колледж

01.06.2018

15:00; ЖАМУ

(Ч/З)

Директор МК

  1.  

ТТФ

08.06.2018

15:00; ЖАМУ

(Ч/З)

Декан ТТФ

  1.  

Аксы колледжи

15.06.2018

12:00; АК,

(Ч/З)

Директор АК

  1.  

ФФ

14.09.2018

12:00; ЖАМУ

(Ч/З)

Декан ФФ

  1.  

ЖАК

28.09.2018

13:00; ЖАМУ

(Ч/З)

Директор ЖАК

  1.  

Кара-Көл колледжи

12.10.2018

12:00; ККК

(Ч/З)

Директор ККК

  1.  

МФ

19.10.2018

15:00; ЖАМУ

(Ч/З)

Декан МФ

  1.  

Таш-Көмүр факультети

26.10.2018

15:00;ТИПФ

(Ч/З)

Декан ТИПФ

  1.  

Кочкор-Ата колледжи

09.11.2018

12:00; КАК

(Ч/З)

Директор КАК

  1.  

ПМТФ

23.11.2018

15:00; ЖАМУ

(Ч/З)

Декан ПМТФ

  1.  

КИ, ҮББИ

07.12.2018

15:00; ЖАМУ, (Ч/З)

Директорлор