AVN

ААЛАМГА АТЫ ЧЫККАН АЙТМАТОВДУ ЖАШТАРЫБЫЗ УНУТТА КАЛТЫРУУДА

ААЛАМГА АТЫ ЧЫККАН АЙТМАТОВДУ ЖАШТАРЫБЫЗ УНУТТА КАЛТЫРУУДА
 May 22, 2018  788

Жалал-Абад шаарында ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан 21-майда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовду таанытуу» аттуу иш чара өттү.
  Залкар жазуучу көзү тирүү болгонду үстүбүздөгү жылы 90 жашка толмок. Артына кылымдар бою өчпөс из калтырып кеткен улуу инсандын өлкөбүздө ушул жылы 90 жылдык маарекеси белгиленүү алдында турат. Ага карата өлкөбүздө, район-шаарларда, мекеме-уюмдарда бул юбилей бир жыл бою кызуу уланат. Алардын катарында ЖАМУнун Жаштар комитети калаа жашоочулары жана коноктору  көп жүрчү коомдук жайлардын эс алуучуларынан  Ч. Айтматов тууралуу сурамжылоо жүргүзүштү. Иш чаранын максаты, аты айтып тургандай эле дүйнө эли тааныган Айтматовду дагы да жакындан таанытуу, аз да болсо чыгармаларын окууга тартуу болуп саналат.
      Бул акциябыздын жыйынтыгында биз сурамжылоо жүргүзгөн адамдардын көпчүлүк пайызы Айтматовду жакшы билбегенин аңдадык. Анткени суроону укканда эле айрымдары жооп берүүдөн качса, айрымдарынан  ачык эле «билбейт экем», «чыгармаларын окуган эмесмин» деген сыяктуу жоопторду уга алдык. Ал эми суроолорубузга так, туура жооп берген тапкычтарга кызыктыруучу белектерди тапшырдык. Мындан сырткары, эң негизги белегибиз деп, аталган иш чарабыз менен сурамжылоого катышкан замандаштарыбызга аз да болсо Айтматовду тааныта алдык деп ойлойбуз – дейт акциянын уюштуруучулары.

      “Ааламга аты чыккан Айтматов” – деп көкүрөк какканыбыз менен кийинки муун китеп окуудан оолактап, алп жазуучуларыбызды тааныбай бара жатканы өкүнүчтүү. Андыктан жалпы мекендештерибизди китеп окууга чакырабыз деген ойлорун кошумчалашты алар.

  • ААЛАМГА АТЫ ЧЫККАН АЙТМАТОВДУ ЖАШТАРЫБЫЗ УНУТТА КАЛТЫРУУДА