AVN







АНДИЖАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫРГЫЗ ФАКУЛЬТЕТТЕР БАР

АНДИЖАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫРГЫЗ ФАКУЛЬТЕТТЕР БАР
 May 21, 2018  707

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Мамыр Мерген уулунун  180 жылдыгына карата уюшулган эл аралык конференцияга Өзбекстандын Андижан мамлекеттик университетинин тарыхчысы Гулнара Эралиева келген.

     Ал өз сөзүндө аталган университетте кыргыз факультеттер жана мектептерде да кыргыз класстар бардыгын белгилеп өттү.  Ошондой эле ал мындан 25 жыл мурда Ош мамлекеттик университетин аяктаганын, өзбекстандык кыргыз кызы экенин кошумчалады.

    “Эки өлкө ортосунда союз таркагандан бери карым-катынаш үзгүлтүккө учурап келген. Учурда мамлекет башчылардын келишими менен ортодо кайрадан достук мамиле чыңдалууда. Анын илимдеги алгачкы натыйжасы кыргыздын тарыхын изилдөөчүлөр Андижанга барып, Мамыр баатыр тууралуу иликтөөлөрүн жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү болду. Мени окуткан агай-эжелеримди ал жактан көрүп, кубануу менен тосуп алдым жана конференциянын катышуучусу болуп жатканым мен үчүн сыймык” – дейт ал.