AVN

МАМЫР МЕРГЕН УУЛУНУН ТАРЫХТАГЫ ОРДУ ТАКТАЛДЫ

МАМЫР МЕРГЕН УУЛУНУН ТАРЫХТАГЫ ОРДУ ТАКТАЛДЫ
 May 19, 2018  1002

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 19-майда Мамыр Мерген уулунун 180 жылдыгына арналган эл аралык  илимий-тажрыйбалык жыйын болду.

    Жыйынга кыргыз тарыхын изилдөөчүлөр, профессорлор Тынчтык Чоротегин, Ташманбет Кененсариев,  Кыяз Молдокасымов, Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын ээси, жазуучу А. Мусабеков, Талас мамлекеттик университетинен тарых илимдеринин кандидаты, доцент Моймол Жусупова  жана  Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин тарыхчысы Гулнара Эралиева Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов , Мамыр Мерген уулунун урпактары  жана башка бир катар коноктор келген. Ал эми ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов баштаган окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттер жыйынга катышты.

    Мамыр баатыр 1839-1879-жылдары өмүр сүрүп, азаттык кыймылынын башчысы болгон.  Илимий-тажрыйбалык жыйындын негизги максаты тарыхта чоң орду бар баатырдын эрдигин даңазалоо жана тарыхтагы так ордун таап берүү болду – дейт бүгүнкү жыйындын уюштуруучусу, “Философия” кафедрасынын башчысы Гүлжамал Токтогулова.

    Белгилей кетсек бул иш чара КРнын Президентинин  Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси “Кереге” коомдук фонду жана Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулган.

  • МАМЫР МЕРГЕН УУЛУНУН ТАРЫХТАГЫ ОРДУ ТАКТАЛДЫ