AVN







Практикадан кийинки жыйынтыктоочу конференция

Практикадан кийинки жыйынтыктоочу конференция
 May 19, 2018  880

Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин «Информатика жана окутуунун маалымат технологиялары» кафедрасынын «Физика-математикалык билим берүү багытынын Информатика профилинин ФМББ(И)-1-14 тайпасынын кесиптик-профилдик жана ФМББ(И)-1-15 тайпасынын кесиптик- базалык практикаларынын очеттук конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн адиси Бабакулова Чынара, кафедранын практикага жооптуу окутуучусу Төрөгулова Рысбү, кафедра башчысы Маматова Гүльшаир жана практикага  жетекчи окутуучулар катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө 3,4-курсттун студенттери практика учурундагы жүргүзгөн иштери жөнүндө, өтүлгөн ачык сабактары жана колодонулган усулдар, оюн сабактары боюнча баяндама жасап беришти. ФМББ(И)-1-14 тайпасынын кесиптик-профилдик, ФМББ(И)-1-15 тайпасынын кесиптик- базалык практикасынын отчеттук конференциясы талкууну жаратып, жогорку деңгээлде өттү.

Жыйынтыктап айтканда, бул практиканы өтөө менен болочок информатика мугалимдери өздөрүнө эң керектүү маанилүү маалыматтарды ала алды деп ойлойбуз –дейт кафедра башчысы Г. Маматова.

  • Практикадан кийинки жыйынтыктоочу конференция
  • Практикадан кийинки жыйынтыктоочу конференция
  • Практикадан кийинки жыйынтыктоочу конференция