AVN







ИЧКИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

ИЧКИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ  ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА
 May 18, 2018  799

“Ош декларациясынын” алкагында академиялык мобилдүүлүктүн программасын ишке ашыруу максатында, 2017-2018-окуу жылынын  жазгы семестринде Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин “Физколлоиддик, аналитикалык, органикалык химия жана химиялык технология”, “Жалпы химия жана химия-экологиялык, криминалистикалык экспертиза” кафедраларына тажрыйба алмашуу үчүн  “Химия” кафедрасынын башчысы  п.и.к., доцент  Н.Б.Арстанбекова  үч күндүк иш сапарында болуп кайтты.
          Иш сапардын жүрүшүндө аталган эки кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, кафедралардын иш пландары, иш кагаздары, окуу процессинин жүрүшү, материалдык-техникалык базасы менен таанышып, х.и.д., профессор Д.Т.Алтыбаеванын “Аналитикалык химия” сабагына катышып, өз ара педагогикалык тажрыйба алмашуулар жүргүзүлдү.
         Башка жогорку окуу жайлар менен болгон өз ара кызматташууну чыңдоо, профессордук-окутуучулук курамдын стажировкадан өтүүлөрүн камсыздоо; илимий изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү, тажрыйба алмашууну өнүктүрүү мындан ары да улана бермекчи – дейт Н. Арстанбекова.

  • ИЧКИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ  ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА
  • ИЧКИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ  ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА
  • ИЧКИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ  ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА