AVN







ТАБИГАТ МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КЕСИП

ТАБИГАТ МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КЕСИП
 May 18, 2018  779

Табигый-техникалык факультетинин “Биология”  кафедрасы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  кесип тандоого багыт берүү максатында  профорентация уюштурушту.

      Аталаг кафедрадан билдиргендей окутуучулар  Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн Н.Алыкулов атындагы №71 орто мектебинде жана Темирбаев атындагы №6  мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, адистикти тандоо боюнча пикир алмашышкан.  “Биология” кафедрасынын кафедра башчысы б.и.к., доцент А.Д.Эгембердиева, улук окутуучу А.А.Ормогоева ЖАМУнун адистиктерине анын ичинен биология адистигине  үгүттөө иштерин  жүргүзүшкөн.

          Акыркы мезгилдерде мектептерде биология мугалимдери жетишсиз экени белгилүү. Мындай көйгөйдүн алдын алуу үчүн жаштарды бул кесипке үндөө зарылчылыгы турат.  Биология кесиби кызыктуу жана ар кандай ачылыштарга бай. Табигат менен тыгыз байланышта болуп, өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар менен иштейсиң. Мына ушунусу менен жаратылыштын таң калыштуу кубулуусу менен адамды өзүнө арбаган кесип – дешет окутуучулар.

         Жолугушууда университеттин жана кафедранын буклеттери бүтүрүүчүлөргө таркатылды. Ошол жерден тиешелүү маалыматтарга ээ болуп, кызыккан кесибин тандоого шарт түзүлөт деп кошумчалайт алар.

  • ТАБИГАТ МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КЕСИП
  • ТАБИГАТ МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КЕСИП
  • ТАБИГАТ МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КЕСИП
  • ТАБИГАТ МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КЕСИП