AVN







АРИФМЕТИКАНЫН ТӨРТ АМАЛЫ

АРИФМЕТИКАНЫН ТӨРТ АМАЛЫ
 May 17, 2018  842

Педагогикалык жана маалымат технологиялары факультетинин “Математика” адистигинин М – 1-17 тайпасынын студенттерине англис тили боюнча ачык сабак өтүлдү. Ачык сабак  англис тили сабагынын окутуучусу Нурия Тургунбаева тарабынан уюштурулган.

    Н. Тургунбаеванын айтымында ачык сабак “Арифметиканын төрт амалы” тамысынын алкагында болгон.  Анда студенттер  математикалык төрт амалды англис тилинде айтууга үйрөнүштү. Сабактын максаты, студенттердин оозеки сүйлөө речин өстүрүү, англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу – дейт ал.

     Аталган тайпада 17 студент билим алса, сабакка жалпы 14 студент катышты.  Андан сырткары бул сабакка англис тили сабагынын мугалимдери Д. Асылбекова, Ч. Абдыкалыкова жана “Математика” адистигин мугалимдери  М. Бекназарова, Кубанычбек кызы Э. ачык сабакка күбө болушкан.

   Сабак акыркы технологияларды колдонуу менен өткөрүлгөнүн кошумчалады Н. Тургунбаева.