AVN







ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА

ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
 May 17, 2018  861

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы  илим тармактарынын академиктери  менен жолугушту.

     Жолугушууга филология илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун экс ректору Жамгырбек Бөкөшов, физика-математика илимдеринин  доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги Бөрүбаев Алтай Асылканович,  педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметов жана мамлекеттик жана коомдук ишмер, котормочу, адабий сынчы Осмонакун Ибраимов конок катары келишти.

    Коноктор менен окуу жайдын жалпы жамаатынын ортосунда баарлашуу болду. ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов мындай илим чөйрөсүндө алп орду бар инсандардын биздин окуу жайга келип, ЖАМУнун жамааты  менен пикир алмашканы биз үчүн сыймык – деген оюн билдирди.

   Ал эми  филология илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун экс ректору Жамгырбек Бөкөшов, физика-математика  илимдеринин  доктору, профессор, Кыргыз Респубдикасынын Илимдер Академиясынын академиги Алтай Бөрүбаевге ЖАМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

   Ошондой эле алар окуу жайдын жетишкендиктери, окуу-базалык техникалары жана имараттар менен таанышуу экскурциясында болушду.

  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА
  • ИЛИМДИН АЛПТАРЫ ЖАМУДА