AVN







ЖАМУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛӨТ

ЖАМУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛӨТ
 May 16, 2018  1281

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 18-май күнү ачык эшиктер күнү өткөрүлөт.  Мындай  маалыматты окуу иштери боюнча бөлүмдөн кабарлашты.

Бөлүмдүн адиси Маткаримова Минавар маалыматта мындай дейт. Ачык эшиктер күнүнө мектептер, орто окуу жайлардын, лицейлердин, колледжердин бүтүрүүчүлөрү  жана  ата-энелер келип катышса болот. Бул күнү университеттин билим берүү багыттары, адистиктери жөнүндө  жана окуу техникалык базасы менен тааныштыруу экскурсия болот.  Андан соң билим алып жаткан таланттуу студенттердин концерттик программасы конокторго тартууланат.