AVN







ЖАМУНУН ОКУТУУ УСУЛДАРЫНЫН НАТЫЙЖАСЫ

ЖАМУНУН ОКУТУУ УСУЛДАРЫНЫН НАТЫЙЖАСЫ
 May 16, 2018  804

ЖАМУнун филология факультетинде 15-майында  «Англис тили жана адабияты» кафедрасынын  ЧТ-1-15,ЧТк-1-15 тайпаларынын  кесиптик-базалык  жана ЧТ-1-16, ЧТк-1-16 тайпаларынын студенттеринин  адаптациялык-педагогикалык  практикаларынын жыйынтыгы боюнча  конференция өткөрүлдү. 

Конференцияда практика учурунда студенттердин жетишкен ийгиликтери жана кыйынчылыктары талкууланып, анализ берилди. Студенттер англис тилинен өткөн  сабактары жана тарбиялык сааттары  тууралуу слайд шоу даярдашып практиканын жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти – дейт кафедранын практика жетекчиси Керимбердиева Айсалкын.

ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы Ж.М.Куваков студенттерден практиканын жүрүшүндө кандай инновациялык усулдарды, ыкмаларды жана техникалык каражаттарды колдонгонун, анын натыйжасын сурады. Мындан сырткары башталгыч класс менен жогорку класстардын ортосунда сабак өтүүнүн айырмачылыктары жөнүндө ой бөлүштү.

Студенттердин белгилөөсүндө азыркы окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун анчейин эмес экендиги практика учурунда байкалган. Бирок, окуу жайдан үйрөнгөн окутуунун методун колдонуу аркылуу окучуларды ангис тили сабагына кызыктыра алышкан.

Практикага төрт тайпадан биригип, жалпы 93 студент чыккан. Конференциянын акырында жетекчилер өз отчетторун беришип, студенттердин жыйынтык бааларын угузушту.

  • ЖАМУНУН ОКУТУУ УСУЛДАРЫНЫН НАТЫЙЖАСЫ
  • ЖАМУНУН ОКУТУУ УСУЛДАРЫНЫН НАТЫЙЖАСЫ
  • ЖАМУНУН ОКУТУУ УСУЛДАРЫНЫН НАТЫЙЖАСЫ
  • ЖАМУНУН ОКУТУУ УСУЛДАРЫНЫН НАТЫЙЖАСЫ