AVN

КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНА АРНАЛГАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНА АРНАЛГАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ
 May 15, 2018  873

Бүгүн 15-май күнү ЖАМУнун филология факультетинин Кыргыз дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасы тарабынан көчмөндөр цивилизациясына арналган «Окурман ордо» адабий интеллектуалдык мелдеши болуп өттү.

«Кыргыз дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасы көчмөндөр цивилизациясына байланыштуу интеллектуалдык оюн пландаштырып, өткөрүп олтурабыз. Максатыбыз, жаштарга көчмөндөр оюну, көчмөндөр цивилизациясынын тарыхы анын мааниси жөнүндө жакындан жеткирүү. Көчмөндөр турмушу кыргыз адабиятында кандай сүрөттөлгөн, кандай берилген ошол нерселердин айлана тегерегинде көркөм чыгармалардан 10 суроо түздүк. Ал эми экинчи багыт, жалпы дүйнөлүк адабият, маданият, тарых боюнча логикалык 10 суроо берилди»-дейт, Амангелди Шерипбаев аталган кафедранын улук окутуучусу.

Аталган оюнга кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-15 жана КТ-16 тайпаларынын курамы 6дан ашпаган студенттери таймашышты. Оюн эки багыттын негизинде өттү жана жеңүүчүлөргө 1-2-даражадагы дипломдор ыйгарылды. Оюнда өз активдүүлүгү менен КТ-15 тайпасынын «Номадисттер» командасы 7,7 упай менен 1-даражадагы диплом, ал эми КТ-16 тайпасынын «Мурас» командасы 7,3 упайдын негизинде 2-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

  • КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНА АРНАЛГАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ